9-март күнү кыргызстандыктар кадимкидей ишке чыгышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
Эмгек кодекси боюнча, майрам дем алышка туура келсе дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок буга чейин 9-марттагы эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 3-январдагы иш күнүнө которулган.
Мындан улам 9-март күнү кыргызстандыктар кадимкидей ишке чыгышат.
Эске салсак, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.