• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандыктар кайсы саясатчыга ишенет? (Изилдөө)

26 Баш оона 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда калктын 32%ы президент Садыр Жапаровго ишенет. Бул туууралуу Эл аралык республикалык институт (IRI) жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, изилдөө 6-16-июль аралыгында мобилдик жана үй телефондору аркылуу интервью жолу менен жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 18 жана андан жогору жаштагы 1 миң 211 кыргызстандык катышты.

“Кайсы саясатчы же коомдук ишмерге көбүрөөк ишенесиз?” деген суроого кыргызстандыктардын 32 пайызы Садыр Жапаровду айткан. Андан кийин Камчыбек Ташиев (24%), Нуржигит Кадырбеков (9%), Адахан Мадумаров (6%), Улукбек Марипов, Артём Новиков, Өмүрбек Бабанов, Дастан Бекешев (4%), Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев, Мелис Мырзакматов, Темирлан Султанбеков (2%), Ассоль Молдокматова, Аскар Акаев, Сапар Исаков, Бабур Төлбаев, Мыктыбек Арстанбеков, Сооронбай Жээнбеков, Сыймык Жапыкеев, Жылдызкан Жолдошева, Жаныбек Абиров, Бакыт Төрөбаев (1%) турган.

Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы эч кимге ишенбей турганын айткан.

Теги:
Количество просмотров: 776