• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

5G чуусу: Бишкектеги антеннанын толкундары өлчөндү

17 Теке 2020 22:52 Бишкек Govori.TV

Уюлдук байланыш станциясынан чыккан радиотолкундардын күчү телевизор, радио, Wi-Fi же майда нур мешинен чыгып туруучу нурлардан жогору эмес.

Бул тууралуу 17-июлда Бишкекте журналисттер үчүн уюуштурулган көчмө жыйында байланыш тармагынын жетекчилери билдиришти.

Алар “5G технологиясы коронавирустун жайылышына себепкер” деген сөз негизсиз экенин айтып, Кыргызстанда мындай технологиянын өзү да жоктугун белгилешти.

“Тунгуч” кичи районунун аймагында жайгашкан базалык станциянын нурларынын деңгээлин журналисттердин көзүнчө өлчөп, нормасы 10 мкВт/кв болсо, ал жерде 4,8 мкВт/кв экенин көрсөтүштү.

Антенналарды талкалоо чакырыктары фейк маалыматка таянуу менен жасалып жатканын айтып, эгер кимдир бирөө ошондой кадамга барса район-айылдар уюлдук байланышсыз каларын эскертишти.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов Кыргызстандагы операторлор 5G түйүнүнүн жабдыгын колдонбой турганын, анткени өлкө мындай технологияга өтө электигин, радиотолкундар вирустун таратуучусу боло албасын билдирди. Ошону менен катар ал байланыш объектилерин куруу кымбат жана техникалык жактан татаал процесс экенин кошумчалады.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери дүйнөдө «бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен» деген имиштер көп таркай баштады. Бул конспирологиялык теория жакында Кыргызстанга да жетти.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 5102