• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандыктар коньки менен муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште 17 медаль утту

5 Жетинин айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Кыргызстандыктар коньки менен муз үстүндө бийлөө боюнча Skate Bishkek 2018 эл аралык мелдеште 17 медаль утуп алышты. Бул тууралуу шаардык муз аянтчасынын администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11 категория боюнча кыргызстандык жана казакстандык 60 спортчу катышты. Кыргызстандык курама команданын капчыгында 9 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль топтолду.
Алтын медалга ээ болгондор: Арина Редчиц, Милана Шестакова, Жасмин Шлага, Акжурат Исмаилова, Диана Ким, Айчүрөк Дүйшекеева, София Шубина, Адия Исламкулова жана Ева Яковлева.
Булак: 24.kg маалымат агенттиги
Количество просмотров: 12