• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандыктар кымбаттоону көтөрө алабы?

1 Бирдин айы 2023 15:38 Бишкек Govori.TV

Быйыл январь-октябрь айларында өлкө боюнча керектөөчү баалар 5,3%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6%га, ичимдиктер менен тамеки продукциясы 5,8%га, кызмат көрсөтүү 1,7%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,5%га кымбаттаган.

Баалардын кымбатташынын эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда белгиленген (8,5%га). Ал Талас облусунда азык-түлүк менен алкоголсуз суусундуктардын баасынын 16,6%га кымбатташы менен шартталган.

Мындан сырткары, электр энергиясы, таштанды, жол кире өңдүү төлөмдөрдүн көлөмү жогорушашы белгилүү болгон.

Бул тууралуу депутаттардын пикирин сурап көрдүк:

Количество просмотров: 342