• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандыктар майда тогуз күн катары менен эс алмай болду

15 Чын куран 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги кеңешме өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-9-май күндөрүн эс алуу күнү катары орнотуу, ал эми 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 4-майындагы (шаршемби) иш күнүнө, 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 6-майындагы (жума) иш күнүнө которуу сунушталды.

Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2022-жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.

Количество просмотров: 171