Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү 9-ноябрга жылдырылат.
«6-7-8-9-ноябрь эс алуу күнү болот»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет.