• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы Түркияга барат. Аны кайсы депутаттар коштоп кетет?

9 Бирдин айы 20269:50 Бишкек Govori.TV

9-11-февраль күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий сапары менен барат.

Парламенттен билдиришкендей, кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркиядан баштаган Нурланбек Тургунбек уулу боордош өлкөдө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Анын ичинен Улуу Улуттук жыйындын төрагасы Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ал эми Түркияга Нурланбек Тургунбек уулун депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Элдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Элвира Сурабалдиева коштоп барат.

Количество просмотров: 475