• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кыргызстандыктар «Тулпар» картасын Өзбекстанда колдоно алышат

20 Баш оона 202420:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын «Тулпары» менен Өзбекстандын жол кирени автоматташтырган ATTO оператору кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жакында Кыргызстандын тургундары Өзбекстандын шаарларына «Тулпар», Өзбекстандын жарандары Бишкекте ATTO карталары менен жол кире төлөй алышат. Бул кызматташтык транспорттук системалардын интеграциясын тездетип, саякаттоодо ыңгайлуу болот.

Учурда техникалык адистер тарабынан эки системаны интеграциялоого даярдыктар башталды.

Количество просмотров: 82