Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу, КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына Жакынкы Чыгыш аймагына, атап айтканда Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан алыс болууну сунуштайт.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарды кырдаал турукташканга чейин өз коопсуздуктары үчүн чаралардын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.
Ошону менен бирге, аталган региондордо жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же консультация алуу үчүн Элчиликтердин шашылыш байланыш телефондоруна кайрыла алышаарын билдирет.