• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жакынкы Чыгыш «согуштун босогосунда турганын» Евробиримдик эскертти

29 Аяк оона 202416:10 Бишкек Govori.TV

Евробиримдиктин дипломатия миссиясынын жетекчиси Жозеф Боррель аз убакыт мурда Израиль Бейруттагы «Хезболла» штаб квартирасын бомбалагандан кийин, Жакынкы Чыгыш «согуштун босогосунда тургандыгын» билдирди. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Жозеф Боррель Нью-Йоркто сүйлөп, Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяхуну «токтото турган бир дагы күч жок экендигине» өкүнөөрүн айтып, Нетаньяху Ливан менен Газадагы жоочуларды жок кылуу үчүн өтө чечкиндүү болуп жатканын кошумчалады.

Боррель бул пикирин Израилдин «Хезболла» штаб квартирасына жасаган өтө так чабуулунун аркасында «Хезболла» лидери Хасан Насралла өлгөндөн кийин айткан.

Ал эми Бейруттагы Иран элчилиги бул чабуулдарды айыптады. Ушул жума башында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тегеран бул согушка каршы экенин билдирип, Жакынкы Чыгышта абалды курчутуу эч кимге пайда алып келбесин айткан.

Количество просмотров: 115