• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды

27 Кулжа 202513:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жана келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркия, Казакстан жана Сауд Араб Падышачылыгындагы элчиликтери, ошондой эле Герцлия (Израиль) жана Шымкент (Казакстан) шаарлаындагы Ардактуу консулдуктары менен тыгыз байланышта жогорку тобокелдиктеги аймактардан мекендештерди эвакуациялоо боюнча ыкчам чаралардын комплекси ишке ашырылды.

Координацияланган аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан) аман-эсен жетип, андан кийин Кыргызстанга жеткирилген.

Министрлик Египет республикасынын жетекчилигине жана компетенттүү органдарына транзиттик каттамды уюштурууга жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Ошондой эле Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө гуманитардык миссияны ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Количество просмотров: 136