• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны качан төрөлөт?

12 Тогуздун айы 2022 13:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү.

Эл аралык сунуштамаларга ылайык, каттоолордун ортосундагы мезгилдеги калктын санын эсептөө үчүн акыркы эл каттоонун маалыматтар базасы жана адамдардын төрөлүшү, өлүмү жана миграциясы боюнча учурдагы эсептин маалыматтары пайдаланылат, алар ай сайын жарандык абалдын актыларын жазуу жана калктын миграциясын каттоо тутуму тарабынан берилип турат.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Статкомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы 531-т тескемесине ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун (Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары) жетекчилиги астында республиканын 7 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Ведомстволор аралык комиссиянын курамына бир катар кызыкдар мамлекеттик органдардын: Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилери кирди.

Статком жети миллионунчу жарандын төрөлө турган күнүн так аныктоо үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча, бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.

Количество просмотров: 186