• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын 90% медкызматкерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекет убада кылган компенсацияларды азыркыга чейин алыша элек

17 Жалган куран 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда, «COVID-19 пандемиясы шарттарында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо» долбоорунун алкагында, демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы коронавирустан жабыркаган медиктер үчүн маалыматтык кампанияны ишке киргизет. Уюм медиктер коомчулугуна COVID-19 жугузгандыгы же каза болгондугу үчүн акчалай компенсацияларды ким жана качан ала аларын максималдуу маалымдоого багытталган. Кыргызстандын медкызматкерлеринин укуктарынын бузулушунун негизги көйгөйлөрүнүн бири алардын аз кабардуулугу жана маалыматтын жетишсиздиги.

2021-жылы долбоор ишке киргизилгенден кийин, Коалиция медициналык коомчулукту колдоо жана жабыр тарткан медкызматкерлерге квалификацияланган юридикалык жардамдарды жана консультация берүү үчүн атайын телефон аркылуу «тынымсыз байланышты» уюштурган. Медкызматкерлерден 250дөн ашык кайрылуу келип түшкөн, алардын бир бөлүгү топтук мүнөздө. Кайрылуулардын 90% өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында COVID-19 жуктурган медкызматкерлердин эмгек укуктарынын бузулушу жана компенсацияларды төлөө боюнча маселелерди түздү.

«2020-жылдын апрелинде КР Өкмөтү жумушта коронавирус жуктурган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом өлчөмүндө компенсация төлөнө тургандыгын билдиргени биздин эсибизде, — деп бөлүшөт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Коомдук саламаттык сактоо» программасынын директору Илимбек Садыков – кийин, 2021-жылы компенсациялар боюнча сумма азайтылып, өзгөрүлдү».

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы келип чыккан учурдан тартып, медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясы менен үзгүлтүксүз күрөшүп келет. Алар өлкөнүн жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн дайыма, айрыкча «кара июль» мезгилинде өзүн аябастан, ченемден ашык, суткалап иштешти.

Коалиция билдиргендей, 2021-жылдан тартып уюмдун юристтери тарабынан 100 ашык бенефициарлардын укуктары өкүлчүлүктөрүнө жардам көрсөтүлгөн жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардагы бюрократияга жана баш аламандыкка карабастан, иштин жарымынан кыйласы мамлекеттик органдар тарабынан оң чечимге ээ болгон. Ошондой болсо да, колунда оң чечим болгон шартта да, көптөгөн медкызматкерлер мамлекеттин бюджетинде каражаттын жоктугуна байланыштуу билдирилген компенсацияларды ала албай келишет.

Ошондой эле долбоордун алкагында Коалиция медициналык коомчулукка компенсацияларды алуу үчүн документтерди тапшыруу жол-жоболорун жеңилдетүү максатында буклеттер түрүндө кыскача колдонмону даярдады жана жарыялады: каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө зыяндын ордун толтуруу үчүн акчалай төлөмдөр боюнча (http://coalition.kg/2021/04/12/buklet/), ошондой эле жабыр тарткан медицина кызматкерлерине зыяндын ордун толтуруу үчүн акчалай төлөмдөр боюнча (http://coalition.kg/2021/05/17/buklet_1/).

Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу жана укуктук маселелерди түшүндүрүү үчүн онлайн жана офлайн тренингдер уюштурулду жана өткөрүлдү, ага медициналык коомчулуктун 100 ашык өкүлдөрү катышып, укуктук билимдерин жогорулатышты. Маалыматка кыйла кеңири жетүүнү камсыз кылуу үчүн долбоордун эксперттерин жана бенефициарларын тартуу менен социалдык роликтер тартылган. Шилтемелер: http://coalition.kg/2021/07/20/video/ (Элден Калчакеевдин катышуусу менен) жана http://coalition.kg/ky/2022/02/25/rolik/ (долбоордун бенефициарынын, КОВИД-19дан каза болгон медкызматкердин жубайынын катышуусу менен).

Андан тышкары, Кыргызстандагы медициналык коомчулуктун өкүлдөрүнүн укуктук коргоо билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында, Коалиция тарабынан медицина кызматкерлеринин укуктук корголуу деңгээлин аныктоо предметине аналитикалык иштер жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы менен «Медицина кызматкерлеринин укуктук статусун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо жана аларды (COVID-19) пандемиясы шарттарында колдонуу практикасы» (http://coalition.kg/2021/07/24/covid-19-2/) жарыяланган, ошондой эле тренерлер үчүн «Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктарын камсыз кылуу жана коргоо» окуу-методикалык куралы иштелип чыккан (http://coalition.kg/2021/08/30/posobie/), ал медицина кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу маселесине арналган.

Бардык маалыматтык-билим берүү материалдары уюмдун сайтына жайгаштырылган жана онлайнда жеткиликтүү (www.coalition.kg ). Медицина кызматкерлери кайрылуу үчүн «тынымсыз байланыш» телефону: 0501 725 911.

Количество просмотров: 121