• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандын айрым аймактарына кирген карантин режиминде кандай чектөөлөр болот?

11 Бугу 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 11-майда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” жана “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамындагы өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилет.

Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет, алар төмөнкүлөрдү караштырат:

эпидемиологиялык очокту, калктуу конуштарды жана карантинге алынган бүткүл зонаны толугу менен обочолонтууну жана куралдуу күзөт коюуну (курчоого алууну);

карантинге алынган зонадан калктын кирип-чыгышына жана мүлктү ташып чыгарууга катуу көзөмөлдөөнү;

оорунун очогу аркылуу автомобиль транспортуна өтүүгө жана темир жол транспорту менен транзиттик өтүүдө атайын бөлүнгөн жерден тышкары токтоого тыюу салууну;

обсерваторлорду түзүүнү, очокто болгон жана карантинге алынган зонанын чегинен сыртка чыккан адамдарды обсервациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;

инфекциялык оорулууларды эрте аныктоону, аларды обочолонтууну жана атайын бөлүнгөн саламаттык сактоо уюмдарына госпиталдаштырууну;

калктын айрым топторунун ортосунда байланышка кирүүнү чектөөнү жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу тартибин;

чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилген мезгилде калк, шаардык транспорттун иштеши, соода түйүндөрү жана коомдук тамактануу жайлары, экономикалык жана өндүрүштүк иш объектилери үчүн түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга жараша үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоочу иш-аракеттердин режимин белгилөөнү;

эпидемиологиялык очокто жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын, айыл чарба объектилеринин эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы иштөө режимин белгилөөнү;

тышкы чөйрө объекттерин, чыгарылган өнөр жай продукциясын зыянсыздандыруу жана калкты санитардык тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү;

тамак-аш өнөр жайынын бардык объекттерин чыгарылган продукциянын зыянсыздыгына кепилдик берүүчү атайын технологиялык режимине өткөрүүнү;

шашылыш жана өзүнчө профилактика жүргүзүүнү;

калктын, ишканалардын, министрликтердин жана ведомстволордун карантиндин белгиленген эрежелерин аткарылышына катуу көзөмөлдөөнү;

калк арасында санитардык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;

адамдардын жана транспорттун негизги жүргөн жолдорунда оору жуккан очоктун периметри боюнча күзөт постторун коюу, күзөт постторунун ортосунда күнү-түнү кайгуулга чыгуу, карантин киргизилген айрым калктуу конуштардын ортосунда калктын кыймылын катуу көзөмөлдөө, чектөөчү белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу жана айыл ичиндеги жолдорго, чыйыр жолдорго ж.б. постторду ачуу аркылуу карантинге алынган аймакка күнү-түнү куралдуу күзөт коюуну (курчоого алууну);

тамак-аш өнөр жайын, саламаттык сактоо системасын ж.б. иштешин камсыздоочу адамдардан жана транспорт каражаттарынан тышкары карантинге алынган зонадагы карантин киргизилген калктуу конуштардын ортосунда жана ичинде калктын жана транспорттун кыймылына тыюу салууну;

массалык иш-чараларды (митинг, чогулуш ж.б.) өткөрүүгө тыюу салууну, базарларды жабууну;

чарбалык жана башка иштин өзгөчө режимин жана калктын, транспорт каражаттарынын, жүктүн, товардын жана малдын кыймылын чектөөнү караштыруучу башка чектөө иш-чараларын.

“Зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген) учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси өзгөчө кырдаал жайылып кеткенде адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт, өзгөчө кырдаалдын зонасында жайгашкан уюмдардын ишин убактылуу токтотот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 260