Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, 2018-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогуловдун отчетун угуп, ишиндеги кемчиликтери үчүн ага эскертүү берген. Эл өкүлдөрү ал эки жыл бою депутаттарга отчет бере элек деп нааразы болушкан. Элчи эреже боюнча жыл сайын парламентте баяндама жасашы керек.

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси кызматына 2014-жылы дайындалган. Ага чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлигин сунуштады. Ал 2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келген.