• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстандын алдыңкы университеттери кайсылар?

8 Кулжа 2021 16:11 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын рейтингин жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Аккредитация жана рейтинг көз карандысыз агенттиги (IAAR) тарабынан жыл сайын жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын рейтинги – 2021 окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын: окутуунун сапатын, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин, окутуучулардын потенциалын, эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн талап кылынышын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн эске алат. Ошол эле учурда рейтинг жогорку окуу жайлардын кадыр-баркын жана билим берүү программаларынын өзүнө тартып туруусун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын рейтинги – 2021 өлкөдөгү ар жылдык белгилүү жана маанилүү окуя болуп калды: билим берүү кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт, билим берүүнүн сапатынын эмгек рыногунун талаптарына дал келүү даражасы тууралуу коомчулуктун кабардар болуусун камсыз кылат жана Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алат.

«ЖОЖдордун көз карандысыз рейтинги — 259 билим берүү программаларын ээледи, бул өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп. Рейтинги боюнча билим берүү программаларынын саны боюнча беш лидердин катарына ОшМУ, Кыргыз Улуттук Агрардык Университети, Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университети жана Бишкек Мамлекеттик Университети кирген», — деп билдирди министрлик.

IAARнын рейтингинде жогорку окуу жайлары бакалавриат жана магистратура программаларынын 44 багытында көрсөтүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. “Упайлардын саны боюнча алдыңкы окуу жайлар ОшМУ, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Эл аралык Ала-Тоо университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Университет жана Бишкек Мамлекеттик Университети ”, — деп белгилешти кафедрадан.

Министрлик кошумчалагандай, билим берүү программаларынын рейтингинин жыйынтыгын талдоо өлкөнүн жогорку окуу жайларына таланттуу студенттердин агымы көбөйгөндүгүн көрсөтүп турат. «Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, Ош жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринде «Алтын сертификаттын» ээлеринин саны көбөйдү», — деп кошумчалашты министрликтен.

Толугураак маалыматты министрликтин сайтынан окуй аласыздар.

Количество просмотров: 507