• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандын атын өзгөртүү сунушталды

23 Жетинин айы 2020 14:10 Бишкек Govori.TV

Өлкөгө Кыргыз Эл Республикасы деген аталышты сунуштайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадырбек Кошалиев жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамга элдик курултайдын концепциясы киргизилгендиктен, ошого жараша республика элдик болушу керек.

«Элдик бийлик кирип жаткандан кийин өлкөнүн аталышында эл деген сөз туруш керек. Баштаганда эле ушундан башташ керек. Бүгүнкү күндө бир дагы мамлекетте элдик бийлик жок. Элдик таасирден пайдалануу зарыл. Бардык жогорку кызматтар элдик курултайда бекитилиши керек. Ошондо биз коррупциянын түбүнө жетебиз»,-деди Кошалиев.

Мындан тышкары Кошалиев конституциялык реформа алкагында курултай системин киргизүү боюнча 15 долбоор каралып жатканын айтты.

Количество просмотров: 2699