• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстандын балы Америкага экспорттолууда

20 Жетинин айы 2019 11:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек эркин экономикалык аймагында “Бал Аман” ишканасынын ачылышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев, Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Статс-катчысы Максат Ташболотов, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү катышты.“Бал Аман” ишканасы Кыргызстандын балын чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет. Ишкана эл аралык стандарттарга жооп бере турган лаборатория менен жабдылган.

“Бал Аман” ишканасынын жетекчиси Кадыр Аалы буларга токтолду:
“Биздин компания “Бал Аманды” ачканга чейин бал боюнча 2013-жылдан бери иштеп келгенбиз. Лабораториябыз эл аралык талаптарга жооп берет, биздин бул деңгээлге жетишибизге USAID уюмунун көмөгү чоң болду. Учурда биздин бал Америкага, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрүнө КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Андан сырткары Кыргызстандагы чоң-чоң соода борборлорунун текчелеринен көрсөңүздөр болот”, — деди.

Андан кийин USAID уюмунун өкүлү сөз сүйлөп, Америка менен Кыргызстан мындан ары да ишкерликти колдоо багытында тыгыз иштеше тургандыгын билдирди.

“Биз Кыргызстанда 500дөн ашуун ишкерликке көмөк көрсөттүк, анда 14 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү. Бул биз үчүн чек эмес, мындан кийин да чакан жана орто ишкерликтин өнүгүүсүнө жардам берүүнү улантабыз”,- деди.

Келген сыйлуу коноктор кызыл тасма кесишип, ишкананын жетекчиси иштин жүрүшү жана жаңы салынган лаборатория менен тааныштырды.

Количество просмотров: 135