• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси алмашты

6 Бештин айы 202415:23 Бишкек Govori.TV

Аман Салиев Бириккен Араб Эмираттарындагы элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Салиев Аман Акылбекович Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ага чейин президенттин жарлыгы менен Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарындагы элчи кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Количество просмотров: 232