• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын эң мыкты мектеби кайда?

5 Аяк оона 202417:35 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталгандыгын билдирди.

Республикадагы мыкты мектепти тандоо 5 этаптан туруп, ага жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргызстандагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар жалпы билим берүү уюмдарынын арасында жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Республиканын мыкты мектебин тандоонун алкагында Бишкек шаарында 26-сентябрда билим берүү марафону жана тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби “Мыкты мектеп” деп табылып, мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланган.

Количество просмотров: 144