15-16-17-май күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 14-окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат.
Бул жолу «Кыйын» Ысык-Көлдө өтүп жатат. Анда өлкөнүн түндүк аймактарынан, тагыраагы Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан 21 айым катышууда.






Тренингге келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.
Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.
Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, эркин журналист, медиа эксперт Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, «Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана башка өз тармагындагы адис айымдар өткөрүшүүдө.




Мындан тышкары бул жолку тренингдин өзгөчөлүгү долбоордун буга чейинки катышуучуларынын келип, «Кыйын» долбоорунан кийин кандай ийгиликтерге жетишкендиги менен бөлүшкөнү болду.
Алардын катарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова, «Садыр аке» айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты Рахат Атаканова жана «ВИ» коомдук фондунун директору, аялдардын ишкердиги боюнча консультант Жадыра Балабасова болду.



Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.