• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди

29 Чын куран 2023 12:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан «Аква Пром» ЖЧК жана «Тянь-Шань-Фиш» ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.

«2023-жылдын 27-апрелиндеги РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелден тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми «Аква Пром» жана «Тянь-Шань-Фиш» ишканалары Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине «Нурагрорыбпром» ЖЧК жана «Дары Природы» ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 112