• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы медалга ээ боло алган жок

11 Баш оона 202412:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Олимп оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Курама команда медалга ээ боло алган жок.


Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин) финалдык 3-орун үчүн күрөштө Өзбекстандын
спортчусу Гуломжон Абдуллаевге 1:5 эсебинде утулуп калды. Ал 5-орунду ээледи.


Айаал Лазарев (125 кг чейин) коло байге үчүн күрөштө Рио Олимпиадасынын
чемпиону, дүйнөнүн эки жолку жана Европанын он жолку чемпиону түркиялык Таха
Акгүлгө 0:7 эсебинде утулуп калды. Ал дагы 5-орунду ээледи.


Эрназар Акматалиев биринчи беттеште учурдагы дүйнө чемпиону венгриялык
Исмаил Масукаев менен кез келип, андан жеңилип калган. Жарым финалда
венгриялык спортчу ирандык балбанга утулуп, Эрназар коло медаль үчүн күрөшүү
мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.


Париж Олимпиадасында Кыргызстандын эсебинде 6 медаль: 2 күмүш жана 4 коло
бар.

Количество просмотров: 193