Балбан Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу ал УТРК спорт – Кыргызстан каналына берген маегинде айтты.
«Күрөштөн алыстап кетпей, тажрыйбам менен бөлүшүп турушум керек окшойт. Изденүүдөмүн азыр, жеке жашоомду да ордуна келтирип, бир-эки жылдан кийин 2028-жылы боло турган Олимпиада оюндарына даярдыктарды баштайм. Спорттук каръерамда бир эле медаль — Олимпидананы алтын медалы жок, калганы баары бар. Ар бир спортчунун кыялы бар, Олимпидадан жеңиш менен кайтуу. Негизи Олимпиаданын чемпиону болуу сезими башкача болот, аны эч нерсе менен салыштыра албайсың, Кудайым буюрса, ден соолугумду чыңдап, калыбына келтирип, кайрадан Олимпидага аттанам » , — деди Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова быйыл октябрда Күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болгон.