• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандын Греция жана Черногориядагы элчиси болуп, Аликбек Жекшенкулов дайындалды

4 Бирдин айы 2020 12:08 Бишкек Govori.TV

Аликбек Жекшенкулов Грециядагы жана Черногориядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

«Россия Федерациясындагы жана Армения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жекшенкулов Аликбек Джекшенкулович Россия Федерациясынын Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Греция Республикасындагы жана Черногориядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.


Количество просмотров: 86