• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Кыргызстандын Индиядагы элчилигине Асеин Исаев сунушталды

18 Үчтүн айы 201915:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек 18.01.2019 Govori.TV.

Асеин Исаевди Индияга Кыргызстандын атынан элчи кылып жиберүү сунушун Тышкы иштер министрлиги берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитетинен «Азаттыкка» кабарлашты.

Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштейт.

Апта башында президент АКШ, Орусия, Кытай жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган.

Количество просмотров: 12