• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын көк бөрү командасы Өзбекстанды жеңди

9 Аяк оона 202421:25 Бишкек Govori.TV

V-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкбөрү командасы Өзбекстандын командасын жеңип алды. Эсеп 12:6 Кыргызстандын пайдасында.

Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдешке алты команда катышууда. Бул тууралуу оюндардын расмий сайтында айтылат.

Биринчилик үчүн Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Өзбекстан, Түркия жана Орусия ат салышууда.

Бүгүн “Казанат” ипподромунда Кыргызстандын командасы Өзбекстан менен беттешкен.

Эске салсак, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн.

Количество просмотров: 186