Бүгүн, 25-январда Бишкек шаарында электр жарыгы жапырт өчкөнү кабарланды. Социалдык тармактын колдонуучулары жазып жаткан маалыматтарга ылайык өлкөнүн башка да аймактарда электр жарыгы өчкөн.
Маалыматтар боюнча, Сокулук району, Аламүдүн району, Ош, Кемин, Токмок, Талас, Кара-Балта, Ысык-Көл облустарында электр жарыгы өчүрүлгөн.
Электр жарыгынын өчүрүлүшү жана мөөнөтү тууралуу расмий маалымат бериле элек.