Кыргызстандын каратэ шотакан боюнча курамасы Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди
Кыргызстандын каратэ шотакан боюнча курамасы Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди
29 Баш оона 202316:23 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын каратэ шотокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дьёр шаарында (Венгрия) өткөн 14-Дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен бешөө алтын, үчөө күмүш жана бешөө коло медаль.
Алтын медалдын ээлери:
Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
Максат Батырбеков , (15-17 жаш командалык беттеш);
Адилхан Монолдоров (15-17 жаш командалык беттеш);
Эльмырза Байышов (15-17 жаш командалык беттеш);
Самуил Койчубеков (15-17 жаш командалык беттеш);
Күмүш медалдын ээлери:
Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш ката);
Эльмырза Байышов (14-15 жаш ката);
Эльмырза Байышов (14-15 жаш кумитэ);
Коло медалдын ээлери:
Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
Айдар Жолчиев (12-13 жаш кумитэ);
Фарух Акбаралиев (18-19 жаш кумитэ);
Абдибек Апсатаров (20-39 жаш -65 чейинки салмактан, кумитэ);
Самарбек Долотбаев (20-39 жаш -85 кг салмакта, кумитэ).
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучулар Ан Иннокентий, Бекмурза Эргешов жана Мирлан Утуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, ага 50 мамлекеттен 1000 ден ашык спортчу катышкан.