Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга катышты. бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Максатбек ажы Токтомушев ордо калаадагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында добуш берди.
Муфтий добуш берип чыккандан кийин бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирген.