• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын негизги инвестору кайсы өлкөлөр?

4 Жетинин айы 202416:13 Бишкек Govori.TV

КР Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиги Кыргызстандын негизги инвесторлорунун атын атады. Маалыматта учурда Кытай өлкөсү негизги инвестор экендиги айтылган. Кытай 109,3 миллион доллар инвестициясы менен биринчи орунда турат.

Андан кийинки орунда 108,3 миллион доллар инвестициясы менен Россия турат. Ал КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан үчүн негизги инвестор бойдон калууда.

Дагы бир ири инвестор Түркия. Түркия 61,2 миллион доллар инвестициясы менен алдыңкы орунду ээлеп, былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч 87,7%га өстү. Учурда бул өлкө да стратегиялык өнөктөш бойдон калууда.

Количество просмотров: 167