• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кыргызстандын Олимпиада комитети Париждеги спортчулардын шарты боюнча жооп берди

9 Баш оона 202411:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев Париждеги спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгонун билдирди. Сарбагышев кошумча азык-түлүк дагы алынганын айтты.

“Чынында биринчи күндөрү Олимпиада айылчасындагы ашканада кезек болуп жатты. Уюштуруу комитети атлеттердин кайрылууларын эске алып, тамак-аштын көлөмүн жана сапатын жакшыртты. Машыктыруучулардын айтымында, азыркы учурда салат, жер-жемиш, мөмө-жемиш жана экинчи тамактар жетиштүү. Андан сырткары Улуттук олимпиада комитети спортчуларга кошумча улуттук тамактарды – шорпо, жаңы бышкан эт жана тооктун этин уюштурдук”, — деди Сарбагышев.

Сарбагышев машыктыруучулардын суранычы менен бардык спортчулар эки жана бир орундуу бөлмөлөргө жайгаштырылганын билдирди. Учурда 16 спортчуга эки дарыгер, эки массажист бар.

Социалдык тармактарда спортчулардын тамак-ашы жөнүндө талкуу болуп жатат.

Количество просмотров: 53