Улуу Британиянын элчилиги Уэльс регби союзунун профессионал машыктыруучуларынын Кыргызстанга биринчи сапарын уюштурду.




Бир жуманын ичинде төрт машыктыруучу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун төрт мектебинде (Полтавка жана Жаңы-Жер айылдары) окуучулар менен сабак өтүштү, ошондой эле Кыргызстандын курама командасы менен биргелешкен машыгууларды өткөрүштү.
Мындан тышкары, машыктыруучулар Кыргызстандын регби федерациясына калыстык боюнча квалификациялык курстарды өткөрүштү.
Британ элчилиги жана британ демөөрчүлөрү менен бирдикте Уэльс регби союзунун өкүлдөрү 20дан ашык регби командасын жабдууга жетиштүү болгон 300 килограмм спорттук шаймандарды жана комплекттерди беришти.



Келечекте Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги башка спорт жана маданият тармагына ушундай сапарларды уюштурууну пландоодо.