Кыргызстандын курама командасы Парижде өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Бул беттештер Кыргызстан үчүн медалдардын саны жана сапаты боюнча эң ийгиликтүү болду.
Спортчулар 6 медалга ээ болушту. Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышты.
Өлкөнүн эсебинде эгемендүүлүккө ээ болгондон берки Олимп оюндарында 13:
Сиднейде — 1 (коло), Пекинде — 3 (күмүш жана 2 коло), Токиодо — 3 (2 күмүш жана коло),
Парижде — 6 (2 күмүш жана 4 коло) медаль бар.
Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек
Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты.
Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медаль утушту.