Бүгүн, 24-январда Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Тажикстанда болгон жер титирөө Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилген.
«Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин жеткен»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.