2022-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 3951,6 млн АКШ долларын түзүп, 45,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 20-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 17,9%ды, импорт 82,1%ды түздү. 2022-жылдын январь-май айларында соода балансынын тартыштыгы 2 536 миллион доллар»,-деди Амангелдиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-июлда Финансы министри Алмаз Бакетаев жана Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө.