• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстандын жер семирткичтерге болгон жылдык керектөөсү 286,7 миң тоннаны түздү

20 Бештин айы 2023 10:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 2023-жылга минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөөсү 286,7 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— 163,6 миң тонна азоттук;
— 105,8 миң тонна фосфордук;
— 17,3 миң тонна калийдик жер семирткичтер түзөт.

2023-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин республикага жалпы 136,9 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер импорттолуп келинген, анын ичинен:

— азоттук минералдык жер семирткичтер – 96,3 миӊ тонна;
— фосфордук минералдык жер семирткичтер – 39,1 миӊ тонна;
— калийдик минералдык жер семирткичтер – 1,4 миӊ тонна.

2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча 447,9 миӊ га аянтка минералдык жер семирткичтер чачылып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянтынын структурасынын 36,3 % азыктандырылды. 2022-жылга салыштырмалуу, быйыл минералдык жер семирткичтер менен айыл чарба өсүмдүктөрүн азыктандыруу иштери 110,6 миӊ га көп болду. Анын ичинен:

— күздүк кылкандуу дан эгиндери 117,6 миӊ га;
— жаздык кылкандуу дан эгиндери 94,2 миӊ га;
— жашылча-жемиштер 31,6 миӊ га, көп жылдык чөптөр 53,6 миӊ га;
— мөмөлүү бак-дарактар 27,1 миӊ га, картошка 45,5 миӊ га;
— жүгөрү 73,4 миӊ га жана кант кызылчасы 5,1 миӊ га.

Мындан тышкары, 19,0 миӊ га аянт айыл чарба өсүмдүктөрү 370,5 миӊ тонна органикалык минералдык жер семирткичтер (кык) менен азыктандырылды.

Белгиленгендей, органикалык жер семирткичтерди Ош жана Нарын облустары башка облустарга салыштырмалуу көп колдонуп келүүдө.

Количество просмотров: 59