• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Жер семирткичтерди мыйзамсыз ташыгандар аныкталды

5 февраля 2023 в 15:29 Бишкек Govori.TV

Аткезчилик жол менен «аммиак селитрасы» жана «карбамид» минералдык жер семирткичтерин ташып бара жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-февралында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргызстандан коңшу өлкөгө минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшту.

Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап «аммиак селитрасы» минералдык жер семирткич жана 163 кап «карбамид» менен кармалды.

Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 376

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда