• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстандын журналисттери алгач ирет дүйнөлүк абройлуу Sigma Awards сынагында ийгиликке жетишти

21 Теке 2021 11:37 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын июнь айында Kloop.kg басылмасынын «Фемицид. Кыргызстанда аялдарды ким жана кантип өлтүрүүдө?» деген изилдөөcү data-журналистика багытында дүйнөгө белгилүү The New York Times, The Atlantic, Financial Times уюмдарынын долбоорлорунун катарында эл-аралык сыйлыкка ээ болду.

Долбоордо Кыргызстанда алгачкы жолу фемицид боюнча статистика жана маалыматтар камтылып, аялдарды өлтүрүү — үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги кесепети экендиги көрсөтүлдү.

Долбоордун авторлору Анна Капушенко менен Савия Хасанова изилдөөнүн методикасы, акыркы 10 жылдагы криминалдык маалыматтарды топтоо, иш учурундагы эмоционалдык абалдары жөнүндө айтып беришет.

Фемицид – кыз-келиндерди гендердик негизде өлтүрүү. Аны медиада чагылдыруу аялдарга карата зомбулукту коомдук айыптоону калыптандырууда жана бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Data-журналистика маалыматты натыйжалуу колдонуу аркылуу окуяларды баяндоонун жана иликтөөнүн маанилүү куралы болуп саналат.

Data-журналистика — маалыматтарды топтоого, талдоого жана иштетүүгө негизделген журналистиканын багыты.

Кыргызстанда data-журналистика ачык мамлекеттик маалыматтардын салыштырмалуу кеңири топтомунун, эркин медиа чөйрөнүн жана маалымат каражаттарын колдоо программаларынын жардамында өнүгүп жатат. Кыргызстандагы фемицид боюнча биринчи статистикалык долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү» программасынын «Жаңы ыкмаларды жана платформаларды колдонуу менен социалдык маанидеги темалардагы медиа демилгелерди колдоо» сынагынын алкагында ишке ашырылды.

Изилдөөнүн толук мазмуну менен бул шилтемеде таанышыңыз: https://drive.google.com/file/d/1UzJcvk80lUcvAOcaEUes7TkNkr-MIG_8/view?usp=sharing

Количество просмотров: 117