• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанга 370 миңден ашык доза вакцина келди

27 Тогуздун айы 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстанга 250 миң доза Pfizer жана 111 миң 600 доза Sinofarm вакцинасы келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Pfizer COVID-19га каршы дүйнө жүзү боюнча 172 өлкө кирген COVAX демилгесинин линиясы аркылуу Кыргызстанга келген үчүнчү вакцина.

Белгиленгендей, вакцина АКШ өкмөтү тарабынан берилген.

“Биз коронавируска каршы биргеликте курөшүшүбуз керек. АКШ бул вакциналарды берип жатат жана ар бир адам коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны ала алышы үчүн кыргыз өкмөтүнүн эмдөө кампаниясына каржылык колдоо көрсөтүүдө”, — деди АКШ өкүлү Соната Коултер вакцина берүү аземинде.

Pfizer вакцинасы менен бирге Кыргызстан бүгүн COVAX демилгеси тарабынан берилген Sinofarm вакцинасынын 111 миң 600 дозасын жана вакциналар үчүн атайын эритүүчү 43 миң 800 флакон алды.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөр сыяктуу эле саламаттык сактоо жаатында каатчылыкка кез келгенин белгиледи. “Биз эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы экенин жана эмдөө алыш керектигин түшүнүшүбүз керек. Биргелешкен аракеттерибиз менен коронавирус инфекциясына каршы тура алабыз деп ишенем. Мен АКШ өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге жардам берип жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиргим келет”, -деди министр.

Количество просмотров: 201