• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргызстанга Азербайжандын президентинин келиши күтүлүүдө

21 Баш оона 202210:16 Бишкек Govori.TV

Жакынкы мезгилде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Axar.az`га берген маегинди билдирген.

Элчи журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, акыркы жылдары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы алакалар кыйла жакшыргандыгын айткан.

«Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Кыргызстандын президентинин Азербайжанга расмий визити уюштурулду. Бул сапар эки тараптуу мамилелерге күчтүү түрткү берди. Баса белгилеп кетчү жагдай, Кыргызстандын мамлекет башчысынын Азербайжанга болгон акыркы визити 10 жыл мурда болгон. Айтмакчы, жакынкы мезгилде Азербайжандын президентинин Кыргызстанга жооп сапары менен келиши күтүлүүдө. Визиттин статусу эң жогорку — мамлекеттик», — деген элчи.

Количество просмотров: 208