• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстанга бир катар чет элкөлүк президенттер келет

17 Теке 2023 11:58 Бишкек Govori.TV

Күзүндө Кыргызстанга бир катар чет элкөлөрдүн лидерлери келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 атайын техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, октябрда Бишкекте жогорку жана эң жогорку деңгээлде бир нече ири эл аралык иш-чаралар өтөт.

«Анда Кыргызстанга 12 мамлекеттин башчылары келет», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында октябрь айында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин, КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү пландалууда.

Количество просмотров: 59