Жыл башынан бери Кыргызстанга чет өлкөдөн таза кандуу 245 баш жылкы алып келинген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдөн асыл тукум малдар алып келинүүдө. Анын ичинен 2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 баш жылкы алынып келинди.
Бул жергиликтүү жылкылардын породалык сапаттарын жакшыртууга салым кошуп, алардын генетикалык потенциалын жана жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.