• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында эмдөө жүргүзүү үчүн материалдар келди

20 Чын куран 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында эмдөө жүргүзүү үчүн материалдар келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөгө 423 миң шприц жана вакцина сайган шприцти коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3 миң 825 куту келди.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Количество просмотров: 46