Бүгүн, 13-февралда Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча Атайын өкүлү Томас Никлассон Кыргыз Республикасына иш сапары менен келишти.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ЕБнин Атайын өкүлдөрү ЕБ жана Борбор Азиянын Атайын өкүлдөрүнүн Ооганстан боюнча жолугушуусуна катышышат.
Мындан тышкары, Атайын өкүлдөр Кыргызстандын мамлекеттик өкүлдөрү жана жарандык коом менен бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.