Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.
«Визит 27-ноябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болот. Анын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу орун алат. Чек ара, транспорт, миграция, саламаттыктык сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге кол коюлушу пландалууда» — деп билдирди Данияр Сыдыков.