• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанга кытайлык ишкерлердин тобу келди

13 Бугу 2023 10:10 Бишкек Govori.TV

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков Кытай Эл Республикасынын Сиань жана Тайюань шаарларынан келген 4 компаниянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, алсак, жолугушууга Shanxi Meidao Shi Road & Bridge Maintenance Technology Co компаниясынын башкы директору Co Ву Яминь, Shanxi Meidao Shi Road & Bridge Maintenance Technology Co компаниясынын вице-президенти Чжан Биньпин, Xian Vision Intelligent Equipment Co компаниясынын башкы директору Ли Баоюнь жана Xian Vision Intelligent Equipment Co компаниясынын вице-президенти Линь Чао, Taiyuan Sheng Dongsheng Road & Bridge Co компаниясынын президенти Лю Цинь, Hong Kong Hengtaier Group Co. Ltd компаниясынын башкы директору Чэнь Чживу, ошондой эле КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарындагы АЭАнын кыргыз-кытай индустриалдык паркынын жетекчиси Юэ Хэфу катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков энергетика, жол куруу жаатында Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлорго токтолду.

Муну менен катар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп: «Кыргызстан чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деп кошумчалады Мурадил Сыдыков.

Өз кезегинде кытайлык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары тууралуу учкай маалымат берип, алар Кыргызстанга таанышуу сапары менен келгендигин, соода-экономикалык кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар ошондой эле транспорт, жолдорду куруу, жол куруучу техникаларды, электромобилдерди жана электробустарды алып келүүчү дилердик борборду ачуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Количество просмотров: 161