• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанга «Спутник V» россиялык вакцинасы жеткирилди

23 Чын куран 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасына коронавирус инфециясына каршы «Спутник V» россиялык вакцинасы 20 миң доза көлөмүндө жеткирилди.

Белгилесек, вакцина Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында жеткирилген.

Вакцинаны өткөрүп берүү аземине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченко жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

«Россиялык «Спутник V» вакцинасын жеткирүү тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына буга чейин орун алган сапарынын жүрүшүндө жетишилген. Россиялык тарап берген жүктүн бөлүгү гуманитардык негизде болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда түзүлгөн ишенимдин, кызматташтыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн чоң белгиси. Кыргыз тарап Россия Федерациясынын жетекчилигине дүйнө жүзү боюнча көп сандаган буйрутмаларга жана Россия Федерациясында жүргүзүлүп жаткан калкты вакцинациялоо кампаниясына карабастан, маселени тез арада чечип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирет», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министрАртем Новиков.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын июнь айына карата Россия Федерациясында вакциналарды өндүрүү абалы жакшырып, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында жана гуманитардык негизде республиканын калкы үчүн вакциналар жаңы график боюнча жеткирилерине ишенимин билдирди.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде белгилегендей, республикага вакциналардын партиясын жеткирүүнү уюштурууда белгилүү убакыт талап кылынды.

«Спутник V» вакцинасын өндүрүү кеңейтилишине жараша, жеткирүү көлөмү жогорулатылып, өлкө келерки күз маалын толук даярдыкта тосот деп ишенем», — деди элчи.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн калкты «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат.

Количество просмотров: 88