• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргызстанга Улуу Британиянын тышкы иштер министри келет

22 Чын куран 2024 12:16 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 22-23-апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү орун алып, анын алкагында кыргыз-британиялык кызматташтыгынын келечеги жана перспективалары кеңири талкууланат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерондун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландалган.

Количество просмотров: 44